> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ОПЕК фонду Ысык-Көл шакекче жолунун ремонтуна Кыргызстанга $10 млн берет
- URL: https://im.kg/all/2021/04/28/opek-fondu-ysyk-k-l-shakekche-zholun-remonttoogo-kyrgyzstanga-10-mln-dollar-beret/
- Published: 2021-04-28T14:00:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эл аралык ОПЕК өнүктүрүү фонду Ысык-Көлдөгү Корумду — Балбай жергесиндеги шакекче жолун оңдоп-түздөөгө 10 млн доллар берет. Бийлик тарабынан аталган насыялык макулдашууга экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков кол койду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.** 

Долбоор Корумдудан Балбай айылына чейин Былыкчы — Каракол — Балыкчы шакекче жолун реконструкциялоого багытталат. Анын ичине көпүрө куруу, топурак, дренаж иштери жана ошондой эле институционалдык потенциалдар – кеңеш алуу кызматтары, курулушту көзөмөлдөө, долбоорду жетектөө, аудит жумуштары, автожолун иште кармоого жабдыктар кирет деп айтылат билдирүүдө.