> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы тариф саясаты: Энергетика министрлиги сандар каяктан чыкканына ачыктама берди
- URL: https://im.kg/all/2021/04/28/zha-y-tarif-sayasaty-energetika-ministrligi-sandar-kayaktan-chykkanyna-achyktama-berdi/
- Published: 2021-04-28T11:31:21.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:56:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Макалалар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев 22-апрелде өткөн пресс-конференцияда электр энергияга болгон жаңы тарифтер жана алар кантип эсептелип чыкканы тууралуу айтып берди.**

> Министрдин айтымында, жаңы тариф саясаты керектөөчүлөрдүн бир канча тобун өзүнө камтыйт. Биринчи топ – бул жардамга муктаж үй-бүлөлөр. Алар үчүн тариф 0.74 сомдон. Экинчи топ – оор климаттык шартта жашаган бийик тоолуу жана алыскы райондун жашоочулары, алар үчүн тариф – 1.04 сомду түзмөкчү. 

Калган керектөөчүлөрдүн баары электр энергияны өз баасында төлөй турган категорияга кирет. Алар 2020-жылы **1.48 сомдон,** бирок эгерде **кышкысын саатына 1000 киловаттан жогору колдонсо**, анда **2.29 сомдон** төлөшөт.

Андан сырткары **өндүрүш ишканалары үчүн тариф 2.38 сомду** түзсө, **коомдук транспортту тейлеген ишканалар 1.68 сомдон**, насостук **станциялар – 1.48 сомдон**, алтын рудасы менен алектенген компаниялар жана майнинг субъектилери – **4.76 сомдон** төлөшмөкчү. 

##### **Бул сандар каяктан чыкты?**

Турдубаевдин берген маалыматына ылайык, **1.48 сомдук тариф** негизги тариф болуп эсептелет жана бул энергетика компанияларынын 2020-жылдагы чыгашалырынын негизинде коюлган. Бул тариф импорттолгон электр энергияны, ЖЭБ Бишкектин генерациялоосун көбөйтүүгө күйүүчү майга кеткен кошумча чыгымды жана энергосектордун насыяларын **камтыбайт**. 

**2.29 сомдук тарифи –** бул энергетика компанияларынын 2022-жылга чейинки чыгашаларынан эсептелген болжолдуу сан. Ал импорттолгон электр энергияны, ЖЭБ Бишкектин генерациялоосун көбөйтүүгө кеткен күйүүчү майга болгон кошумча чыгымдарды, сырткы кредиттерди жана энергосектордогу насыяларды ичине **камтыйт.** Министр кошумчалагандай, электр энергиясын **саатына 1000 кВт чейин чектеген тариф – керектөөчүлөрдү үнөмдүү колдонууга үйрөтөт.**

**Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө каралган тариф –** негизги тарифтин 50% дык өлчөмүндө эсептелген. Бийик тоолуу жана алыскы аймактардын жашоочуларына каралган 1.04 сомдук тариф болсо, ЖЭБ Бишкек жана Оштун электростанцияларынын чыгымдарын эске албаганда **өздүк наркы менен эсептелген.**

**Ишканалар үчүн** коюлган тариф болсо инфляциянын коэффициенти менен **2.38 сомго чейин көтөрүлгөн.**