> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Мамлекеттик ипотекалык компания» мамлекет тарабынан берилген кредиттерди убагында кайтара албай калышы мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2021/05/03/mamlekettik-ipotekalyk-kompaniya-mamleket-tarabynan-berilgen-kreditterdi-ubagynda-kajtara-albaj-kalyshy-m-mk-n/
- Published: 2021-05-03T14:58:00.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:54:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жакынкы келечекте «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК республикалык бюджеттен алынган кредиттин негизги бөлүгүн өз убагында төлөй албай калышы мүмкүн. Эсептик палата мындай жыйынтыкка 2017-2018-ж.ж. компанияда жүргүзүлгөн аудиттик көрсөткүчтөрдүн негизинде келген.**

Республикалык бюджеттен 10 жылга бөлүнгөн каражат **3.3 млрд** долларды түзөт. Ошол эле убакта компания алынган каражатты ипотекалык кредит менен 15 жылдык мөөнөткө берген.

Натыйжада, 2023-жылдан тартып Финансы министрлигинен алынган ипотекалык кредит график боюнча толук негизде төлөөгө мүмкүндүк бербейт.