> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт Баткендеги жабыркаган айылдарга 700 млн сом бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2021/05/04/km-t-batkendegi-zhabyrkagan-ajyldarga-700-mln-som-b-l-t/
- Published: 2021-05-04T13:34:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өкмөт Баткендеги жабыркаган айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлөт. 500 млн сом социалдык объекттердин курулушуна жана ремонтуна (мектеп, бала бакча, жол), калган 200 млн сом – бузулган жана өрттөлгөн үйлөрдү салууга кетмекчи. Бул тууралуу Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушууда премьер-министр Улукбек Марипов айтты.**

Анын айтканына ылайык, канча үйлөр өттөнгөнү жана инфракструктуралык, социалдык объекттердин канчасы күйгөнү, бузулганы эсептелип чыккан.

> «Баткен областында алдын ала канча социалдык объекттер курулаары пландалууда. Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында жалпы билим берүү мекемелери түшөт, Максат айылында болсо күйүп кеткен мектеп калыбына келитирилет жана бала бакча курулат, ошондой эле мектепке чейинки тарбиялоо мекемелери да Кулундуда салынмакчы», – деди Марипов.

Андан сырткары, бөлүнгөн каражаттар жаңы Мин-Булак – Чорго – Ак-Сай, Кок-Таш — Ак-Сай –Тамдык жолдорун курууга жана Ак-Сай — Рават, Кулунду – Максат — Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел — Достук автожолдорунун ремонтуна кетет.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/05/609017f5c2395-scaled-1-1024x680.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/05/609017f5c2395-scaled-1-1024x680.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/05/609017fd628ae-scaled-1-1024x680.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/05/609017fd628ae-scaled-1-1024x680.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/05/609017f8dd1a4-scaled-1-1024x688.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/05/609017f8dd1a4-scaled-1-1024x688.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/05/609017fd54675-scaled-1-1024x680.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/05/609017fd54675-scaled-1.jpeg)