> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Улуу Британияга алтын жеткирүүнү эки эсе азайтты
- URL: https://im.kg/all/2021/05/06/kyrgyzstan-uluu-britaniyaga-altyn-zhetkir-n-eki-ese-azajtty/
- Published: 2021-05-06T16:22:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан 2021-жылдын биринчи эки айында Улуу Британияга дээрлик 1.1 тонна алтын экспорттогон. Бул өткөн жылдын январь-февраль айына (2.4 тонна) салыштырмалуу эки эсе аз. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирет.**

> Бул жылы экспорттолгон алтындын баасы 66 млн доллар турат, бул КРнын эки айлык (234 млн доллар) жалпы экспортунун үчтөн бирин түзөт. Бирок бул сумма 2020-жылга салыштырмалуу 58 млн долларга же 47%га аз. 

Экинчи эң ири ташылган республикалык товар катары мурдагыдай эле руда жана кымбат баалуу металлдардын концентраттары турат. Дээрлик, 100% экспорт Казакстанга туура келет.

 Бирок натуралдык туюнтмадагы жеткирүү 74%га көбөйгөн болсо (14 тоннадан 24 тоннага чейин), руда менен концентраттарды экспорттоо 15%га азайган (20 млн доллардан 17 млн долларга чейин).