> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандагы банктардын активдери бир жылда 16%га көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2021/05/06/kyrgyzstandagy-banktardyn-aktivderi-bir-zhylda-16-ga-k-b-jd/
- Published: 2021-05-06T15:51:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2020-жылы Кыргызстандагы банктардын жалпы активдери бир жылда 16%га көбөйдү жана 289.5 млрд сомду түздү (2019-жылдын аягында – 249 млрд сом болгон). Мындай маалыматты Улуттук Банк билдирди.**

**Ошол эле кезде банктардын милдеттенмелери жылдын башынан тартып 18%га өстү жана 243.5 млрд сомду түзгөн (2019-жылдын аягында – 206.9 млрд сом болгон).** 

> Банк секторундагы кардарлардын кредиттик портфели **162.6 млрд сомду түзүп, 11%га көбөйгөн** (2019-жылы – 146.4 млрд сом болгон).

**Тармактардагы кредиттер:**

- өнөр-жай – 14.1 млрд сом (+21%)
- ипотека – 17.3 млрд сом (+13%)
- соода тармагы – 41.7 млрд сом (+12%)
- айыл-чарба – 30.5 млрд сом (+10%)
- курулуш – 13.7 млрд сом (+5%)
- керектөөчү кредиттер – 17.4 млрд сом (+1%)
- башка кредиттер – 27.9 млрд сом (+15%)

Банк секторундагы кардарладын жалпы депозиттик базасы – **180.9 млрд** **сомду түзүп, ал жыл башынан тартып 20%га көбөйгөн** (2019-жылы болсо – 151 млрд сом) 

**Анын ичинде депозиттер:**

- бийлик органдары – 9.2 млрд сом (+33%)
- башка финансы-кредиттик организациялар – 2.8 млрд сом (+32%).
- юридикалык жактар – 60.5 млрд сом (+28%)
- физикалык жактар – 96.8 млрд сом (+15%)
- резидент эместер – 11.6 млрд сом (+9%)