> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Микрокредиттерди алган кыргызстандыктардын саны 13 %га өстү
- URL: https://im.kg/all/2021/05/06/mikrokreditterdi-algan-kyrgyzstandyktardyn-sany-13-ga-st/
- Published: 2021-05-06T15:05:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2020-жылы микрокредиттерди алган кыргызстандыктардын саны 13 %га өстү. Тагыраак айтканда, 625 миңден 707 миңге чейин көбөйгөн. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитети билдирет.**

> Өткөн жылы микрокредиттик организациялар 31.1 млрд сом же 2019-жылга салыштырмалуу 3 %га көп насыя берген. 

Эң көп сумма Ош (6.8.млрд сом) жана Жалал-Абад (4.9 млрд сом) областарында берилип, Бишкек (4.9 млрд сом), Чүй областында болсо (4.2 млрд сом) насыя алуучулардын саны бираз аз болгон.

Микрокредиттердин басымдуу бөлүгү дээрлик 34% – айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө кеткен. 28% болсо – керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына, 10% – соода жана коомдук тамактануу тармактарга, 8% – курулушка жумшалган. 

Насыяларды кайтарып берүүнүн деңгээли 95%ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2%га көбөйгөн.