> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык чогултуу планы январь-апрель айларында 7% га көп аткарылды
- URL: https://im.kg/all/2021/05/06/salyk-chogultuu-plany-yanvar-aprel-ajlarynda-7-ga-k-p-atkaryldy/
- Published: 2021-05-06T14:42:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы 2021-жылдын январь-апрель айларында 29 млрд 782 млн сом салык чогултту. Коюлган план 107 % га аткарылды, тагыраак айтканда, 1 млрд 924 млн сомго көп жыйналды.**

> Салык кызматынын көрсөткүчтөрүнө ылайык, 2020-жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу салык 7 млрд 865 млн сомго көп чогултулган же 136 % га өскөн. 

Республикалык бюджетке 23 млрд 641 млн сом чогулуп, план 106%га аткарылган же 1 млрд 261 млн сомго көп чогулган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 млрд 421 млн сомго көп чогултулган же 137 % га өскөн. 

> Жергиликтүү бюджетке түшкөн салык 6 млрд 140 млн сом болуп, план 112 % га аткарылган же 663 млн сомго көп чогулган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 444 млн сомду түзгөн же 131 % га өскөн.