> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөнөт
- URL: https://im.kg/all/2021/05/07/batkende-kaza-bolgondordun-j-b-l-s-n-1-mln-somdon-kompensaciya-t-l-n-t/
- Published: 2021-05-07T11:35:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Баткенде каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөнөт, ал эми ишканалары бузулуп, жумуштары үзгүлтүккө учураган ишкерлер жардам алышат. Бул тууралуу 6-майда Лейлек районунун Максат айылынын жашоочулары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров айтты», – деп билдирет президенттин маалымат кызматы.**

Президент белгилегендей, бүгүнтөн тартып Максат жана башка жабыркаган айылдарда курулуш-калыптандыруу иштери башталат, күйгөн үйлөрдүн ордуна жаңы заманбап үйлөр курулмакчы. Курулуш иштери эки айдын ичинде бүтөөрү болжолдонууда.

> Ошондой эле бузулган социалдык жана соода объектилерин калыптандыруу иштери да башталат.