> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бул жылдагы жазгы талаа жумуштарынын темпи өткөн жылга салыштырмалуу кечиккен
- URL: https://im.kg/all/2021/05/14/bul-zhyldagy-zhazgy-talaa-zhumushtarynyn-tempi-tk-n-zhylga-salyshtyrmaluu-kechikken/
- Published: 2021-05-14T13:13:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Апрель айындагы туруксуз аба ырайынын айынан (температуранын төмөндөшү менен тез-тез жааган жамгыр) жазгы талаа жумуштарынын темпи өткөн жылга салыштырмалуу артта калган. Мындай маалыматтар КРнын Улуттук статистика комитетинин сайтында айтылат.** 

> Устүбүздөгү жылдын апрель айына карата республика боюнча жалпысынан 375,0 миң гектарга жаздык өсүмдүктөр себилген, бул 43.4 миң га же былтыркы жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 10.4 пайызга аз.

Чүй облусунун чарбаларында жаздык өсүмдүктөрдү себүүнүн жалпы аянты – 42.3%ды, Ош облусунда – 20.3%ды, Ысык-Көлдө – 14.2% жана Жалал-Абад облусунда – 13.8%ды түзгөн.

Жаздык арпанын айдоо аянты үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде 2020-жылдын жаздык өсүмдүктөр себилген аянтына карата 76.5%ды, жаздык буудай – 76.2%ды, кант кызылчасы – 93.7%ды, пахта – 64.9%ды түзгөн.

> Мындан тышкары, апрель айында 70.5 миң гектар аянттагы күздүк эгиндери азыктандырылган жана 356.1 миң гектар жазгы айдоо аянты айдалгандыгы тууралуу маалыматты УСКнин Айыл чарба статистикасы бөлүмү билдирет.