> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ички дүң продукт (ИДП) 2021-жылдын январь-апрелинде, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.8%га төмөндөдү
- URL: https://im.kg/all/2021/05/14/ichki-d-produkt-idp-2021-zhyldyn-yanvar-aprelinde-tk-n-zhyldyn-ushul-mezgiline-salyshtyrmaluu-3-8-ga-t-m-nd-d/
- Published: 2021-05-14T12:31:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:58:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ички дүң продукт (ИДП) 2021-жылдын январь-апрелинде, алдын-ала баалоо боюнча, өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 3.8%га төмөндөө менен 166 млрд ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-апрелинин деңгээлинен 1.1 пайызга өсүү менен 149 млрд жакын сом өлчөмүндө түзүлдү.** **Мындай маалыматты КРнын улуттук статистикалык комитети билдирет.** 

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өндүрүштө, курулушта алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 10.4 пайызга төмөндөдү (2020-жылдын январь-апрелинде 2.5% төмөндөѳ болгон). Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 1.3 пайызга жогорулады (2020-жылдын январь-апрелинде 5.3%га төмөндөѳ болгон).

> Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49.7%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь–апрелине салыштырмалуу 0.1%дык пунктка азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 36%ды түзүү менен 2.7%дык пунктка төмөндөдү. 

Өнөр жайдын ИДПдагы үлүшү 23.7%ды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2%дык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша, 4.2%га жана 1.2%дык пунктка төмөн болду, ал эми ушул эле учурда айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 8.1%ды түзүү менен 0.5%дык пунктка көбөйдү.