> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жаңы жетекчилер дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2021/05/18/krnyn-administraciyasynyn-t-z-md-k-b-l-md-r-n-zhetekchiler-zha-y-dajyndaldy/
- Published: 2021-05-18T14:16:30.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, КРнын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды.**

> Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

**Султанбаев Эрбол Абдыкадырович** – КРнын Президентинин басма сөз катчысы

**Жаманбаев Муса Мураталиевич** – КРнын Президентинин Администрациясынын Президенттин протокол кызматынын жетекчиси

**Калматов Анарбек Баратович** – КРнын Президентинин КРнын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү

**Абытов Алмасбек Ахунжанович** – КРнын Министрлер Кабинетинин КРнын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү 

**Жусупов Медер Кеңешович** – КРнын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык сотунун ыйгарым укуктуу өкүлү

**Марс Нурай** – КРнын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы

**Иминов Махамаджан Саитович** – КРнын Президентинин Администрациясынын Президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы

**Естебесов Адыл Жээнбекович** – КРнын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы

**Базарбеков Замирбек Курамаевич** – КРнын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы

**Дюшекеев Дастан Станбекович** – КРнын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы

**Айдарбеков Айбек Акматбекович** – КРнын Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы

**Бакиров Жетиген Жокинович** – КРнын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы

**Орозалиев Акылбек Атабекович** – КРнын Президентинин Администрациясынын инспектордук-контролдоо иштери бөлүмүнүн башчысы

**Жалалов Жаныбек Махматалиевич** – КРнын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы

**Керимжанов Алтынбек Жамалбекович** – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы

**Мурзаканов Санжар Равшанбекович** – КРнын Президентинин Администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы

**Беков Аскат Турдумаматович** – КРнын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн башчысы

**Абдыкалыков Жанузак Козубайевич** – КРнын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы

**Кулуев Алымкул Раимкулович** – КРнын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы

**Оморов Азамат Каныбекович** – КРнын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы

**Узаков Азат Сапарбаевич** – КРнын Администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы

**Байтереков Таалай Алымбекович** – КРнын Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы

**Усубалиев Максат Абдыкадырович** – КРнын Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы

**Байтерек Галина Жумабековна** – КРнын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы

**Базарбаев Кудайберген Базарбаевич** – КРнын Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы

**Абдрахманова Чолпон Садырбековна** – КРнын Президентинин Администрациясынын Канцеляриясынын начальниги

**Абдысадыр уулу Азат** – КРнын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, башка актыларды редакциялоо жана котормо бөлүмүнүн башчысы

**Рахматова Жанна Аскербековна** – КРнын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, башка актыларды чыгаруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалышты.

> **Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемелери менен:**

**Шукурбеков Улугбек Абдималикович**– КРнын Президентинин Администрациясынын Жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы

**Апенов Таалайбек Бекболотович**– КРнын Президентинин Администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы

**Сманбаева Жылдыз Аскарбековна** – КРнын Президентинин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалышты. 

> **Ошондой эле Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык**:

**Мамбетов Алмаз Ишенбекович** – КРнын Президентинин иш башкаруучусу

**Мамбеталиев Мирбек Кемелович**– КРнын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары

**Шерматов Эмил Абсатарович**– КРнын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары болуп дайындалды.