> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Контрабанда менен күрөшүүдөн бюджетке 99 млн сом түштү
- URL: https://im.kg/all/2021/05/18/mbk-t-rt-ajlyk-ishmerd-l-g-n-zhyjyntyktady/
- Published: 2021-05-18T15:55:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик бажы кызматы контрабандага каршы күрөшүү боюнча ушул жылдын төрт айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды**. **Анда мыйзам бузуулардын 1 миң фактысы катталып, натыйжада, бюджетке 99 050 286 сом каражат түшкөн. Бул тууралуу МБКнын маалымат кызматы билдирет.**

> Үстүбүздөгү жылдын төрт айында бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан 1000 укук бузуу фактысы аныкталган.

Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 134% га жогорулаган, 2020-жылы 427 мыйзам бузуу аныкталса, отчеттук мезгилде бул көрсөткүч 1000 фактыны түзгөн.

Бюджетке кошумча түшкөн каражаттын суммасы 82% га же 35 676 705 сомго көбөйгөн. 2020-жылдын 4 айында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 54 373 582 сом болсо, отчеттук кварталда бул көрсөткүч 99 050 286 сомду түзгөн.