> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолу 2022-жылдын аягында бүтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/05/19/batkendegi-k-k-tash-ak-saj-tamdyk-ajlanma-zholu-2022-zhyldyn-ayagynda-b-t-t/
- Published: 2021-05-19T13:42:18.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулушу 2022-жылдын декабрь айында бүтөөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор боюнча жаңы жолдун узундугу 24,5 чакырымды түзөт. Бюджети 536 млн сомду түзгөн тендердин жыйынтыгы менен «Жалал-Абад СМУтт» ЖАК аталган жолду куруу жоопкерчилигин алып, курулуш иштерин 2013-жылы апрелде баштаган.

«Жолдун 13-17-чакырымындагы аралык мамлекеттик чек аранын жанынан өткөндүктөн, 2018-жылы 13-24,5 чакырымга чейинки аралыктагы иштер аягына чыккан эмес. Ворух калкынын каршы пикирлерине жана бул аймактагы чыр-чатактуу кырдаалга байланыштуу, жол куруу иштери бир нече жолу токтотулган. Натыйжада, курулуш иштери убагында бүтпөй калган», – деп түшүндүрөт Транспорт министрлигинен.