> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөр» боюнча сот иштери сомго кыйыр таасирин тийгизиши мүмкүн – УБ
- URL: https://im.kg/all/2021/05/19/kumt-r-bojuncha-sot-ishteri-somgo-kyjyr-taasirin-tijgizishi-m-mk-n-ub/
- Published: 2021-05-19T14:13:18.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кумтөр» боюнча сот процесстери улуттук валютага кыйыр таасир этиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн 19-майда парламенттик жыйында УБтын төрагасы Толкунбек Абдыгулов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.** 

«Абдыгуловдун айтымында, кыргыз сому эркин жүгүртүүдө жана «Кумтөргө» байланган эмес» – деп кабарлайт[24.kg](https://24.kg/vlast/194457%5Fsituatsiya%5Fskumtorom%5Frazbiratelstva%5Fvsude%5Fmogut%5Fkosvenno%5Fpovliyat%5Fnakurs%5Fsoma/).

> «Ал 1993-жылы киргизилген жана наркы базар баасынан улам келип чыккан. Соттук иштер валютага түз болбосо да кыйыр таасир этиши мүмкүн. Көбүнчө, чет өлкөлүк инвестициялардын агымы, капиталдын ички агымы, акча которуулар – баары комплекстүү болушу мүмкүн», – дейт ал.

Улуттук Банктын башчысы кошумчалагандай, регулятордун эл аралык резерви **2.7 млрд $ды** түзөт жана бул алты айга жетет.