> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Январдан бери доллар биринчи жолу 84 сомдон ылдый түштү
- URL: https://im.kg/all/2021/05/19/yanvardan-beri-dollar-birinchi-zholu-84-somdon-yldyj-t-sht/
- Published: 2021-05-19T12:15:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда январь айынан бери биринчи жолу доллар 84 сомдон ылдый түштү. Бишкекте бүгүн 19-майга карата америкалык валютанын орточо курсу – 83.94 сомду түздү.**

> [valuta.kg](https://valuta.kg/) порталынын маалыматына ылайык, Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында саат 9:50дө **83.9** сомдон сатылып, **83.6** сомдон алынды.

Эскерте кетсек, бул жылы Улуттук банк алты жолу доллар сатты. Алты интервенцияда эле доллардын курсун кармап туруу үчүн эл аралык резервден 270.45 млн $ сарптады.