> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Микрокредит алуучулардын саны барган сайын көбөйүүдө
- URL: https://im.kg/all/2021/05/21/mikrokredit-aluuchulardyn-sany-bargan-sajyn-k-b-j-d/
- Published: 2021-05-21T10:22:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Микрокредит алуучу кыргызстандыктардын саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Ошондой эле 2021-жылдын I кварталында микрокредиттердин 24%га жакынын Ош облусунун тургундары алышкан.** 

> Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан **8,5 млрд. сом** суммасында кредиттер берилген, муну менен бирге алуучулардын саны **168,4 миң** адамды түзгөн. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда **17%га,** ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү **23,4%га** көбөйгөн. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/05/345-2-1024x560.png)

> Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын **23,8 %ы**) жана Жалал-Абад облустарына (**17,3%ы**), ошондой эле Бишкек ш. (**14,5%ы**) туура келет.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн **36,3%ы** – айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, **30,2%ы** – керектөөчүлүк муктаждыктарга, **11,5%ы** – соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/05/Bez-nazvaniya.png)

> «Үстүбүздөгү жылдын I кварталында белгиленген мөөнөттөргө ылайык микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли, өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу бир пайыздык пунктка көбөйүү менен **89%ды** түздү», – деп билдирет Улуттук статком.