20 жашта кантип 50 миң доллардык инвестиция алып, ийгиликтүү бизнес баштаса болот? «Форель 360» ишканасынын негиздөөчүсү менен маек
Алмаз Базарбаев 20 жашында Жалал-Абадда форель балыгын өстүрүү боюнча ишкана ачкан. Үстүбүздөгү жылдын жазында ал Accelerate Prosperity (AP) бизнес-акселерациясына катышып, өзүнүн бизнес-долбоорун ийгиликтүү сунуштап, бизнесин өнүктүрүү үчүн 50 миң долларга чейинки инвестицияларды алуу үчүн ТОП-3 компаниялардын катарына кирген. «Форель 360» ишканасы даамдуу тамагы жана алгылыктуу баалары менен келечекте ийгиликтүү болууга толук мүмкүнчүлүгү бар.
Алмаз Базарбаев Economist.kg сайтына бизнесин кантип баштаганын, кандай тоскоолдуктарды басып өткөнүн жана инвестиция алгандан кийин бизнесин кантип өнүктүрөөрү тууралуу айтып берди.
– Алмаз, айтсаңыз, «Форель 360» ишканасын ачууга эмне түрткү болду?
– Биз 2016-жылы балык өстүрүп баштаганбыз. Ошол кезде менин үй-бүлөм өзүнүн ишканаларын балык өстүрүүчү чарбасы менен кошо сатып жаткан адамдар менен таанышып калды.
Форель өстүрүү – кирешелүү жумуш экенин билчүбүз. Атам экөөбүз финансы маселелерин эске алып, ал ишкананы сатып алууну чечтик. Ошентип менин ишкерлигимдин пайдубалы түзүлдү.
– Эмне үчүн дал ушул балык чарбачылыгын тандап алдыңыз?
– Кыргызстанда балык өстүрүүнүн келечеги чоң. Учурда ага суроо-талап бар жана Кыргызстан анын эсебинен экспорттук потенциалын кеңейтип, экономикага жардам бере алат.
Балыкка болгон суроо-талаптын көптүгүнөн бул жаатта татыктуу эле капитал түзсө болот жана ал келечекте өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизе алчу булак боло алат.
– Канча адамды жумуш орду менен камсыз кыласыздар?
– Бул бизге үй-бүлөлүк бизнес болуп калды. Атам менен эжем мага жардам беришет, андан сырткары ихтиолог менен тамак-аш технологун жумушка алганбыз.
– Сиз мурда мындай программаларга катышчу белеңиз? Инвестициялык акселератор тууралуу кайдан билип калдыңыз?
– Биз масштабдуу иш жүргүзүү үчүн бизнести кантип жүргүзүү жана товарды бренддештирүү тууралуу билгибиз келди. Досум сынакка билдирме толтурууну сунуштап калды. Эмне жоготмок элем, айрыкча, ашыкча билим тоскоол болбойт дедим да катышып көрүүнү чечтим. Ошентип Ага-хан жана Европалык Союздун программасынын алкагындагы Accelerate Prosperity бизнес-акселераторуна өтүп калдым.
– Accelerate Prosperity программасынан өзүңүз үчүн эмнелерди үйрөндүңүз?
– Мен башында катышууга күмөн санап жүрдүм, бирок программа башталгандан тартып, анын мага зарыл экенин түшүндүм жана мага бул өз учурунда мотивация да берди. Чакырылган спикерлер көп тармактар тууралуу билим беришти, ал эми трекерлер менен иштегенден кийин бизнес жүргүзүү боюнча көз карашым таптакыр өзгөрдү.
Бизнести башкаруу жагынан өзүмдүн күчтүү жана алсыз жактарымды билдим. Алган билимимдин аркасы менен кардарларымды көбөйтүп, баа жеткис тажрыйба топтодум.
– Балык бизнесине келгендер кандай тоскоолдуктарга кез келишет?
– Башында бизге билим жетпей жатты. Балык өстүрүү өтө деле оңой эмес экен. Айрыкча, ишкананы биринчи жылы ишке киргизгенден кийин кыйын болду. Бул жумуштун өзүнүн кылдат жасалчу учурлары бар, ар бир процессти көзөмөлдөп туруш керек.
Мисалы, Кыргызстандын түштүгүндө чабактардын жетишсиздик көйгөйү бар, ошондуктан аны биз Чүй облусунан алып келебиз. Балык жакшы өсүш үчүн сапаттуу чабактар керек, эгер алып келе жатканда бардык шарттарды көзөмөлдөп турбаса, алардын сапаты төмөндөп кетет. Бир жолу, биз алып келе жаткан чабактар жолдо өлүп калышып, чоң чыгымга дуушар болгонбуз.
– AP акселерациясына катышкандан кийин кандай жыйынтыктарга жетиштиңиз? Кызматтарыңызды кеңейтип, ыштап сүрсүтүлгөн форелди сатып баштапсыздар. Чарбачылыгыңыздарда дагы кандай жаңы нерселер пайда болду?
– Форелди өстүрүүнүн да өзүнүн мезгили болот. Сен балыкты качан гана ал өсүп жетилгенде сатып баштайсың. Окуу мага сатуунун планын түзүүнү үйрөттү. Таркатуу каналдарыбызды кеңейтип, жаңы жумуш варианттарын сынап көрдүк.
Өткөн мезгилге салыштырмалуу биздин кирешебиз 30%га чейин өстү. Учурда мен компаниябыз кайсы жака өсүш керек жана бул үчүн кандай кадамдар жасалууга тийиш түшүнүп калдым.
Мындан сырткары, биз сунуштаган азыктардын ассортиментин көбөйтүп, жаңы балыкты тез жеткирүү ыкмасын ойлоп таптык.
– Инвестиция алгандан кийин кандай пландарды ишке ашырам деп ойлоп жатасыз?
– Ишканабызды кеңейтип, жылдык өндүрүү көлөмүбүздү өстүрүп, андан ары эл аралык базарга чыксак деген тилегибиз бар. Бизге балыгыбызды экспорттоо тууралуу Россиядан сунуш түшкөн.
– Заманбап ишкер кандай сапаттарга ээ болуш керек жана келечектеги бизнес-акселераторлордун катышуучуларына кандай кеңештерди берет элеңиз?
– Өзүңө көбүрөөк ишенип, билимге умтулгула, айрыкча, маркетинг жана жарнама тууралуу жакшы үйрөнүш керек экен, ансыз бизнестин алдыга жылышы кыйын болгудай. АР акселерация программасындагы бизнес-моделдештирүүну окусаңыз, көп нерсеге көзүңүз ачылып, бизнесиңиз позитивдүү жыйынтыктарга жетишет деп айта алам.
Аталган бизнес-акселератор Европалык Союз жана Ага-Хан Фондунун каржылоосу менен Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында ишке ашты. Долбоор ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын айыл калкынын экономикалык абалын жакшыртууга багытталган.