«Кыргызалтын» 29 млн долларды уруксатсыз банк эсебине чыгарып кетүү аракети тууралуу маалыматты четке какты
«Кыргызалтын» ААКму жасалма төлөм тапшырмасын колдонуп, 29 млн долларды уруксатсыз банк эсебине которуу аракети жөнүндөгү маалыматты четке какты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
«Сenterra Gold Inc. ишканасынын 12-майда бизди «жасалма төлөм документтерин колдонуп, каражат которуу операцияларын жүргүзүүгө аракет кылган» деген күнөөсү чындыкка дал келбейт. «Кыргызалтын» ААК ал күнү жана андан кийинки күндөрү эч кандай операцияларды жүргүзгөн эмес жана жасалма документ менен эч качан иш алпарбайт. «Кыргызалтын» ААК ар дайым мыйзамга баш ийген, белгилүү атка жана ишкердик кадыр-баркка ээ акционердик коом болуп саналат», – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Компания белгилегендей, 17-майда Жогорку Кеңеш «Кумтөр Голд Компани» ЖАКна убактылуу тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алып, өкмөт «КГКге» убактылуу тышкы менеджерди дайындаган. Буга байланыштуу, «Кыргызалтын» 12-майда алтын менен эч кандай каржылык операцияларды жүргүзө алмак эмес жана жүргүзгөн да эмес.
«Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кумтөрдөгү» кырдаал боюнча тынчсыздануусунун тең бөлүшөбүз жана «Кыргызалтын» ААКна карата негизсиз айыптоолордон алыс болууну суранабыз», – деп айтылат билдирүүдө.