Кыргызстанда доллар 83.5 сомго түштү

Кыргызстанда доллардын наркы акырындап түшүүдө. Бүгүн 24-майда эртең менен америкалык валютанын наркы 83.53 сомго чейин төмөндөдү.

 valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, Моссоветте бүгүн саат 10.00дө доллар 83.48 сомдон 83.6 сомго чейин сатылып, 83.2 сомдон алынды.

Эскерте кетсек, өткөн жумада, 19-майда доллар январдан бери биринчи жолу 84 сомдон ылдый түшкөн.