> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ооруканалардын карызы жарым миллиардга жетти – Экономика жана Саламаттыкты сактоо министрлигине маселени чечүү тапшырмасы берилди
- URL: https://im.kg/all/2021/05/24/oorukanalardyn-karyzy-zharym-milliardga-zhetti/
- Published: 2021-05-24T09:54:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:10:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика жана Саламаттыкты сактоо министрлигине республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын насыялык карызы боюнча маселени тезинен чечүү тапшырылды. Бул буйрук 22-майда республикалык ыкчам штабтын кезектеги жыйынында вице-премьер-министр Жылдыз Бакашова тарабынан берилди деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.**

Учурда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы ооруканалардын карызы канча экендигин так айта элек. 

> [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) сайтынын маалыматы боюнча, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) 2020-жылдагы акыркы жарыяланган отчетуна ылайык (ага чейинки отчеттор жок), Кыргызстандын саламаттыкты сактоо уюмдарынын кредитордук карызы 2020-жылдын 31-декабрына карата **586 млн** **сомдон ашык** сумманы түзгөн. 

ММКФду аталган карыздарды **COVID-19** жана жугуштуу пневмония менен ооруган жергиликтүү **бейтаптарды дарылоонун наркынын жогорулашы** жана кайрадан бөлүмдөрдүн ишке кириши, күндүзгү стационарларга кошумча керебеттердин алынышы менен түшүндүрөт. 

Мындан тышкары, чыгымдардын көбөйүшү – медициналык кызматкерлердин жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу менен байланыштуу болгон.

> Кредитордук карыздын негизги үлүшүн – **267 млн** сомдон ашык же **46%**ын – дары-дармектерге жана жеке коргонуу каражаттарына болгон карыздар түзөт.

Алынган азык-түлүк үчүн **23 млн сом**, коммуналдык кызматтарга **57 млн**, буюмдарды жана материалдарды сатып алууга **31 млн**, сатып алынган техника жана жабдууларга **26 млн сом** сарпталган.