> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Садыр Жапаров Сочиге иш сапары менен жөнөп кетти
- URL: https://im.kg/all/2021/05/24/prezident-sadyr-zhaparov-sochige-ish-sapary-menen-zh-n-p-ketti/
- Published: 2021-05-24T10:07:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен РФнын Сочи шаарына жөнөп кетти.**

Иш сапардын алкагында президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда.

> Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чаралар, КРга россиялык вакцинаны алып келүү да талкуулануусу күтүлүүдө.

КРнын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, КРнын РФгы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.