> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку Кеңештин комитети ЭӨАнан 17 млн доллар алууну чечти
- URL: https://im.kg/all/2021/05/24/zhogorku-ke-eshtin-komiteti-e-anan-17-mln-dollar-aluunu-chechti/
- Published: 2021-05-24T16:36:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынан (ЭКӨБдүн өз алдынча бөлүмү) кошумча 17 млн алуу чечимин бекитти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.**

Эл өкүлдөрү Үчүнчү айылдык инвестициялык Долбоорунун (COVID-19 илдетине карата) алкагында, кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоону жактырышты.

> Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, келишимдин негизинде ЭӨА **0,75%** үстөгү менен **8,5 млн $** өлчөмүндө насыя жана **8,5 млн $** грант түрүндө колдоо көрсөтөт. 6 жылдык жеңилдетилген мөөнөттү кошкондо, насыянын мөөнөтү – **38 жыл**.