Жогорку Кеңештин комитети ЭӨАнан 17 млн доллар алууну чечти
Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынан (ЭКӨБдүн өз алдынча бөлүмү) кошумча 17 млн алуу чечимин бекитти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эл өкүлдөрү Үчүнчү айылдык инвестициялык Долбоорунун (COVID-19 илдетине карата) алкагында, кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоону жактырышты.
Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, келишимдин негизинде ЭӨА 0,75% үстөгү менен 8,5 млн $ өлчөмүндө насыя жана 8,5 млн $ грант түрүндө колдоо көрсөтөт. 6 жылдык жеңилдетилген мөөнөттү кошкондо, насыянын мөөнөтү – 38 жыл.