Бишкек дүйнөдөгү сатып алуу жөндөмдүүлүгү эң төмөн 50 шаардын катарына кирди

Бишкек дүйнөдөгү сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөн шаарлардын арасында 34-орунда турат. Мындай маалыматты жашоо наркы боюнча дүйнөдөгү эң ири маалымат базасы болгон Numbeo порталы билдирет.

Бишкектен алыс эмес орунду, Ташкент (36-орунда) ээлесе, Армениянын башкы шаары – Ереван 67-орунда турат.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгон коңшу мамлекеттердин борборлору – Москва – 207, Нур-Султан – 175 жана Минск – 121 орундарды ээлеген.

Бишкек ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башка борборлорунан артта калууда

Улуттук статистикалык комитет ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүнүн борборлорундагы орточо айлык эмгек акынын сатып алуу жөндөмүнө салыштырмалуу талдоо жүргүзгөн. Андагы маалыматка ылайык,  апрель айында Бишкек ЕАЭБдин башка борборлорунан эң керектүү продукциялар боюнча артта калган. Улутстатком бул борбор калаадагы орточо эмгек акынын аздыгы менен байланыштырат.

Мисалы, Бишкекте орточо эмгек акыга – 60 кг уй этин сатып алууга мүмкүн болсо, Москвада – 227 кг сатып ала алышат, бул дээрлик 4 эсеге көп. Нур-Султанда бир эмгек акыга 2 тоннадан ашык картошка, ал эми Бишкекте дээрлик 3 эсе аз –740 кг гана картошка сатып алууга мүмкүн.