Доллар түшүүдө – бүгүн 83.1 сомдон сатылды
Кыргызстанда доллардын наркы дагы түштү. Бүгүн 25-майда түшкө жакын америкалык валютанын наркы 83.2 сомго чейин төмөндөдү.
valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында бүгүн саат 11.50дө доллар 83.05 сомдон 83.15 сомго чейин сатылып, 82.7 сомдон алынды.
Эскерте кетсек, өткөн жумада, 19-майда доллар январдан бери биринчи жолу 84 сомдон ылдый түшкөн.