Энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү компанияларга ИБАна катышууга сынак жарыяланды
Энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү компаниялар үчүн Инвестициялык Бизнес Акселераторуна катышууга сынак жарыяланды. Ага ылайык, Accelerate Prosperity бизнес-акселераторго катышууга арыздарды кабыл алат.
«Биз инновациялык ишмердүүлүгү энергияны үнөмдөөчү технологиялар менен байланышкан ишканаларды, ошондой эле жоготууларды азайтуу жана экологиялык таза өндүрүш менен алектенген компанияларды издеп жатабыз», – деп билдирет Accelerate Prosperity.
Бизнес-акселератордун программасы кесипкөй бизнес-консультанттардын (трекерлердин) колдоосун, конок спикерлерин жана онлайн бизнес процесстерин окутууну камтыйт. Ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр өз компанияларын өнүктүрүү үчүн 50 000 долларга чейинки инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Сынакка ким катыша алат:
1) Ар кандай компаниялар жана жеке үй чарбалары үчүн энергияны үнөмдөгөн жашыл технологияларды орнотуучу сервистик компаниялар:
- Бөлмөлөрдү жылуулоо, жылытуу жана муздатуу кызматтары
- Сууну пайдаланууну үнөмдөгөн жана / же сууну кайра пайдаланган шаймандарды орнотуу
- Энергия үнөмдөөчү блокторду орнотуу
2) Өндүрүштүк жана инновациялык ишканалар:
- Энергия натыйжалуу өндүрүш технологиялары
- Кеңседеги жана өндүрүштөгү таштандыларды азайтуу жана кайра иштетүү
- Ресурстарды кайра иштетүү
- Күн коллекторун өндүрүү
- LED лампаларын өндүрүү
- Энергияны үнөмдөөчү имараттарды куруу
- Биогаз аппаратын орнотуу
3) Энергия жана ресурстарды үнөмдөө боюнча IT-чечимдерди сунуш кылган энерго-технологиялык компаниялары:
- Чийки заттарды колдонууну минималдаштыруу
- Кайра калыбына келүүчү энергияны пайдалануу
- Калдыктарды кайра иштетүү
- Айнек, макулатура, текстиль калдыктары, пластик жана алюминий идиштерин кайра иштетүү
Сынакка ким катыша албайт:
- Энергияны жана ресурстарды үнөмдөө үчүн инвестицияга муктаж болбогон ишканалар
- Соода менен алектенген ишканалар (жашыл технологияларды импорттоо)
Арыздар Кыргызстандын бардык аймактарынан кабыл алынат. Акыркы мөөнөтү: 16-июль, 2021-жыл
Каржылоо шарттары менен https://kg.accelerateprosperity.org/ таанышсаңыз болот.
Суроолор боюнча +996 (990) 935 008 номерине чалсаңыз болот.
______________________________________________________________________________
Бизнес акселератору АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган «Жергиликтүү өзгөрүү» долбоорунун алкагында уюштурулган.
USAID жана Ага Хан Фонду «Жергиликтүү өзгөрүү» долбоору тармактарындагы жана бир нече өлкөлөрдөгү аярлуу жамааттардын арасындагы негизги көйгөйлөргө жаңы, инновациялык чечимдерди табууга умтулат.