> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кой этине жана пахта майына болгон баа өсүүдө – Улутстатком
- URL: https://im.kg/all/2021/05/25/koj-etinin-zhana-pahta-majdyn-baasy-s-d-ulutstatkom/
- Published: 2021-05-25T10:35:05.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын май айында кой этине жана пахта майына болгон баалардын олуттуу өсүшү байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалымат кызматы билдирет.**

> Республиканын 18 калктуу конушу боюнча Улутстатком тарабынан жүргүзүлгөн негизги тамак-аш продуктуларына орточо керектөө бааларынын ар жумалык мониторингинин жыйынтыктарына таянсак, үстүбүздөгү жылдын 20-майына карата республика боюнча кой этинин орточо баасы – **465,47 сомду** түзгөн. Бул апрель айына салыштырмалуу **18,14 сомго** же **4,1%га** өскөн. Ал эми 1 кг пахта майынын баасы **167,09** сом болуп, ал өткөн айга салыштырмалуу **3,6%** өскөнүн байкоого болот.