«РСК Банк» уставдык капиталын 161 млн сомго көбөйттү

«РСК Банк» ААК (мамлекеттин үлүшү 100%) уставдык капиталын 160,9 миллион сомго көбөйттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (KФБ) басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жумада банктын жөнөкөй акцияларын 19-кошумча чыгарылышын жайгаштыруу боюнча келишим, жалпы соода көлөмүнүн 82%ын түзгөн.

Белгилей кетсек, бир акциянын баасы 500 сомду түзгөн. Бул бүтүм, биржалык жалгыз акционердин, тагыраак айтканда, мамлекеттин уставдык капиталды көбөйтүү жөнүндө чечиминин алкагында ишке ашты деп билдирди КФБ.