> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Жерүйдөгү» алтындын биринчи партиясын сатуудан бюджетке биринчи салык түштү
- URL: https://im.kg/all/2021/05/26/zher-jd-g-altyndyn-birinchi-partiyasyn-satuudan-bjudzhetke-birinchi-salyk-t-sht/
- Published: 2021-05-26T12:45:09.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жерүй кенинде өндүрүш башталгандан кийинки биринчи айда Кыргызстандын бюджетине төлөмдөрдүн негизги үч түрү боюнча 140 млн сомдон ашык каражат түшкөн. Мындай маалымат «Ачык бюджет» порталында жарыяланды.**

Апрель айында «Альянс Алтын» иштетүүчү компаниясы киреше салыгын төлөп, роялти үчүн да төлөмдөрдү ишке ашырган. Мындан сырткары, бир канча инфраструктураларды өнүктүрүүгө да каражат жумшаган. 

- **85 млн 443 миң сом** 2021-жылдын апрелине карата киреше салыгы катары төлөнгөн
- **39 млн 391 миң сом** алтынды саткандан роялти үчүн бөлүнгөн
- **15 млн 757 миң сом** жергиликтүү инфраструктураны кармоо жана өнүктүрүү үчүн берилген

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/05/222-1024x1024.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/05/222.jpg)

> Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө үчүн бөлүнгөн каражаттар жалпы кирешенин 2%ын түзгөн. Мыйзамга ылайык, бул каражаттардын 50%ы – областты өнүктүрүү фондуна, 30%ы – районду өнүктүрүү фондуна, 20%ы – кен чыккан жердеги жергиликтүү бюджетке берилип, үч фонддун ортосунда бөлүштүрүлөт.

Жерүй кенинен келип түшкөн бардык төлөмдөр КРнын мыйзамдары менен көзөмөлдөнөт. Каражаттарды бөлүштүрүү жана алардын сарпталышын көзөмөлдөө – Кыргызстандын өкмөтүнүн деңгээлинде жүргүзүлөт. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча жергиликтүү бийлик иш алпарат.

**Талас облусунун бюджети эки эсеге көбөйдү**

Кенде өндүрүш башталаары менен, мурда болжолдонгондой, Талас облусунун кирешеси кыйла өсөт. Жерүйдөн жергиликтүү бюджетке түшкөн биринчи каражат Талас облусунун акыркы жылдагы орточо айлык кирешесинен 2,5 эсе көп.

> Белгилей кетсек, 2020-жылы облустук бюджетке жалпысынан **630 млн сом**, же орто эсеп менен алганда айына **53 млн сомдон** түшкөн.

**Мурдагы жана келечектеги төлөмдөр** 

Эске салсак, 2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейин – «Альянс Алтын» тарабынан келип түшкөн бюджеттик жана социалдык чегерүүлөрдүн көлөмү **923 млн сомду** түзгөн.

Ошондой эле, **600 млн сом** өзүнчө Талас облусундагы социалдык долбоорлорду каржылаган, чакан жана орто бизнес үчүн төмөн пайыздык үстөк менен насыяларды берген **«Бакубат Талас» Фондусуна** которулган.

> Жалпысынан Жерүй кенин иштетүүдөн мамлекеттик бюджетке (республикалык + жергиликтүү) жыл сайын **4 млрд сомго** чейин салык жана башка чегерүүлөр түшөт.