«Жерүйдөгү» алтындын биринчи партиясын сатуудан бюджетке биринчи салык түштү

Жерүй кенинде өндүрүш башталгандан кийинки биринчи айда Кыргызстандын бюджетине төлөмдөрдүн негизги үч түрү боюнча 140 млн сомдон ашык каражат түшкөн. Мындай маалымат «Ачык бюджет» порталында жарыяланды.

Апрель айында «Альянс Алтын» иштетүүчү компаниясы киреше салыгын төлөп, роялти үчүн да төлөмдөрдү ишке ашырган. Мындан сырткары, бир канча инфраструктураларды өнүктүрүүгө да каражат жумшаган.

  • 85 млн 443 миң сом  2021-жылдын апрелине карата киреше салыгы катары төлөнгөн
  • 39 млн 391 миң сом алтынды саткандан роялти үчүн бөлүнгөн
  • 15 млн 757 миң сом жергиликтүү инфраструктураны кармоо жана өнүктүрүү үчүн берилген

Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө үчүн бөлүнгөн каражаттар жалпы кирешенин 2%ын түзгөн. Мыйзамга ылайык, бул каражаттардын 50%ы – областты өнүктүрүү фондуна, 30%ы – районду өнүктүрүү фондуна, 20%ы – кен чыккан жердеги жергиликтүү бюджетке берилип, үч фонддун ортосунда бөлүштүрүлөт.

Жерүй кенинен келип түшкөн бардык төлөмдөр КРнын мыйзамдары менен көзөмөлдөнөт. Каражаттарды бөлүштүрүү жана алардын сарпталышын көзөмөлдөө – Кыргызстандын өкмөтүнүн деңгээлинде жүргүзүлөт. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча жергиликтүү бийлик иш алпарат.

Талас облусунун бюджети эки эсеге көбөйдү

Кенде өндүрүш башталаары менен, мурда болжолдонгондой, Талас облусунун кирешеси кыйла өсөт. Жерүйдөн жергиликтүү бюджетке түшкөн биринчи каражат Талас облусунун акыркы жылдагы орточо айлык кирешесинен 2,5 эсе көп.

Белгилей кетсек, 2020-жылы облустук бюджетке жалпысынан 630 млн сом, же орто эсеп менен алганда айына 53 млн сомдон түшкөн.

Мурдагы жана келечектеги төлөмдөр

Эске салсак, 2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейин – «Альянс Алтын» тарабынан келип түшкөн бюджеттик жана социалдык чегерүүлөрдүн көлөмү 923 млн сомду түзгөн.

Ошондой эле, 600 млн сом өзүнчө Талас облусундагы социалдык долбоорлорду каржылаган, чакан жана орто бизнес үчүн төмөн пайыздык үстөк менен насыяларды берген «Бакубат Талас» Фондусуна которулган.

Жалпысынан Жерүй кенин иштетүүдөн мамлекеттик бюджетке (республикалык + жергиликтүү) жыл сайын 4 млрд сомго чейин салык жана башка чегерүүлөр түшөт.