Кыргызстандык бренд премиум классындагы ичимдикти Кытайга экспорттоодо

«Бир кур – бир жол» демилгесинин алкагында, ата мекендик компания «Нетфилд Трейд» ЖЧКсы Кытайга премиум классындагы алкоголдук ичимдиктердин биринчи партиясын экспорттоду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка таянсак, Кыргызстандын 10 тонна эң сапаттуу продукциясы Ордос аймагына жеткирилди. Бул ичимдик ал жерден Цзянсу, Чжэцзян, Гуандун, Түндүк-Чыгыш жана Кытайдын башка аймактарына жөнөтүлөт.

Министрлик белгилегендей, ата мекендик «Mood V» бренди өзгөчө чыпкалоо процессин, технологиялык инновацияларды жана тандалган чийки заттарды колдонгондугу үчүн быйыл International Spirits Challenge 2021 (Улуу Британия) мелдешинде алтын алган. Жакында эле Кыргызстандын базарына чыккан компаниянын «Маанай V» жаңы өнүмү күмүш медалга ээ болду.

International Spirits Challenge (ISC) – даам татуу боюнча эл аралык эң абройлуу жана кадырлуу мелдештердин бири. Дүйнөнүн эң мыкты 50 дегустатору 70 өлкөдөн келген 1800дөн ашык билдирмени карап чыгып, «сокур» дегустациясынын негизинде даамдап көрүп, мыкты азыктарды тандашат.