> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетикалык компаниялардын чыгымдары дээрлик 2 млрд сомго кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2021/05/27/energetikalyk-kompaniyalardyn-chygymdary-deerlik-2-mlrd-somgo-kyskardy/
- Published: 2021-05-27T11:00:57.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Каражаттардын тартыштыгын азайтуу максатында, энергетикалык компаниялардын чыгымдары 1,7 млрд сомго кыскартылды. Бул тууралуу 26-майда «Улуттук энергетикалык холдингдин»** **басма сөз кызматы билдирди.**

**Төмөндөгү аты аталган компаниялардын бюджеттери кыскартылды:**

- «Электр станциялары» ААК — 898.8 млн сом
- «Чакан ГЭС» ААК — 10.2 млн сом
- «НЭС Кыргызстана» ААК — 142.7 млн сом
- «Түндүкэлектро» ААК — 477.6 млн сом
- «Чыгышэлектро» ААК — 49.5 млн сом
- «Ошэлектро» ААК — 81.3 млн сом
- «Жалалабатэлектро» ААК — 40.7 млн сом
- «Бишкетеплосеть» ААК — 21.8 млн сом

Мындан тышкары, «Улуттук энергетикалык холдингде» директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн саны бир адамга кыскарды. Кеңешчи жана холдингдин алты кызматкери жумуштан кетирилип, жаңы уюштуруу түзүмү бекитилди.

> Ошондой эле тогуз энергетикалык компаниянын жетөөсүндө башкы дирекциянын мүчөлөрүнүн саны **төрт адамдан үч кишиге** чейин кыскарып, **кеңешчи жана ички аудит кызматтары жоюлду** деп белгиледи холдингдин басма сөз кызматы.

Ошол эле учурда, ички аудит кызматтарынын жоюлушуна байланыштуу, туунду компаниялардын каржылык-чарбалык ишин натыйжалуу контролдоо максатында, текшерүү комиссиясынын иши күчөтүлмөкчү.