Стамбулга аба каттамы жумасына 14кө чейин көбөйөт

Turkish Airlines авиакомпаниясынын Стамбул – Бишкек – ​​Стамбул каттамындагы учуулардын саны жумасына 12ден 14кө чейин көбөймөкчү. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирет.

Маалыматка таянсак, 1-июндан баштап жаңы аба каттамдары бейшемби жана жекшемби күндөрү жумасына 2 жолу жүргүзүлөт. Жалпысынан Түркияга жумасына 24 аба каттамы ачылган.