> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМК экс-мэр Азиз Суракматовго тиешелүү мүлктөрдүн тизмесин жарыялады
- URL: https://im.kg/all/2021/05/27/ukmk-eks-mer-aziz-surakmatovgo-tieshel-m-lkt-rd-n-tizmesin-zharyyalady/
- Published: 2021-05-27T15:29:11.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети камакка алынган Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовдун мүлктөрүнүн тизмесин жарыялады.** 

> Эскерте кетсек, мурдагы мэр мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байыган деген айып менен шектелүүдө. Маалыматка ылайык, Суракматовдун жана анын жакын туугандарынын кирешелери эч кандай негизсиз эле кескин көбөйгөн. УКМК ал мүлктөрдүн наркын **50 млн доллардан ашуун** деп баалап жатат.

Мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, экс-мэрге төмөндөгү мүлктөр тиешелүү:

- «Елизавета» курулуш компаниясы
- «Центр Офис» ЖЧК (кыймылсыз мүлктү ижарага берүү)
- «Слон» коопсуздук жана детектив агенттиги
- «Слон» кыймылсыз мүлк агенттиги
- «Финанс кредит строй» ЖЧК микрокредиттик компаниясы
- «Новый город» компаниясы
- «Папа Карло» компаниясы
- Sphere KG компаниясы
- «Столица Строй», «Столица» жана «Столица плюс» ЖЧКлары
- «Ливерпуль» ЖЧК
- «Ак-Нан» ЖЧК
- «Поларис Групп» ЖЧК
- «Юрист Риэлт Строй» ЖЧК
- «Самолет» ЖЧК
- «Улитка» эс алуу борбору
- Бостери айылындагы эс алуу үйлөрү («Кыргызское взморье» санаториясынын территориясында), Суракматовдун эжесине жана байкесине катталган
- Сары-Ой айылындагы эс алуу үйү («Ак-Марал» эс алуу борбору), Суракматовдун келинчеги Джумалиевага катталган.