> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт социалдык объекттерди оңдоого жана курууга 2 млрд сомго жакын каражат бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2021/05/28/km-t-socialdyk-obektilerdi-o-doogo-zhana-kuruuga-2-mlrd-somgo-zhakyn-karazhat-b-l-t/
- Published: 2021-05-28T14:05:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өкмөт быйыл социалдык объекттердин капиталдык ремонтуна жана курулушуна дээрлик 1,9 млрд сом каражат сарптайт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирет.**

Аталган каражат 174 соцобъекттин ремонтуна жана курулушуна кетет. 

• **Алардын ичинен** **92 курулуш объектиси болуп саналат**

- 63 мектеп жана спорт зал
- 13 бала бакча
- 7 саламаттыкты сактоо мекемеси
- 3 маданий жай
- 2 спорт комплекси жана башка объектилер

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

- 29 капиталдык оңдоо объектилери
- 24 ичүүчү суу менен камсыздоочу жайлар
- 15 бирдиктүү депозиттик эсептин эсебинен билим берүү объектилери
- 6 юстиция министрлигинин объектилери
- 8 Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда бузулган объектилер

> Социалдык маанидеги объектилердин көпчүлүгү Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында (15 жана 14), эң аз Талас облусунда (5) курулмакчы.