«Кыргызалтын» Кумтөрдөгү алтын менен күмүштү сатуу тартиби тууралуу айтып берди
«Кыргызалтын» ААК «Кумтөр» кенинен чыккан алтын менен күмүштү сатуу жол-жобосу тууралуу айтып берди.
«Кыргызалтындын» маалыматы боюнча, баалуу металлдар 2009-жылдын 6-июнундагы «Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен «Кыргызалтын» ААК жана КРнын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтынды жана күмүштү сатуу жөнүндө кайра каралган келишимдин негизинде сатылат.
Баалуу металлдарды сатуу тартиби этап-этабы менен техникалык стандарттарды камтыган процесстин негизинде жүргүзүлөт.
- «Кумтөр» аффинаждоочу заводго Доре эритмесин берет, ал Кумтөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда эритиндини алууну жүргүзөт.
- Эриген суюк металлдан үлгүлөр алынат. Андан кийин алынган үлгүлөрдөгү алтын менен күмүштүн пайыздык өлчөмдөрү аныкталат.
- Аффинаждан кийин алтын менен күмүш кардарларга сатылат. Ошол эле учурда, алтындын жана күмүштүн наркынын болжол менен 99,9%ы Кумтөргө кайтарылып берилиши керек, ал эми 0,1% аффинаждоо чыгымдарына (кайра иштетүү чыгымдарын «Кумтөр» аффинаж заводуна төлөйт) кетет.
«Кумтөр» кени иштетилгенден тартып ушул убакка чейин 150 тоннага жакын күмүш сатылган. Бюджетке төлөмдөр КРнын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн. Алтын жана күмүштү сатуу боюнча ачык жана толук маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет.
Эскерте кетсек, буга чейин «Кумтөр Голд Компанинин» тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк кенде өндүрүлгөн бардык алтындарды Улуттук Банк сатып алаарын жана 29 млн долларга баалуу металлдын биринчи партиясы сатылганын айткан.
Кийинчерээк УБ бул маалыматты четке кагып, «Кумтөрдөн» алтын сатып алуу чечими чыга электигин билдирген.