> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын эң ири энергетикалык компаниялары донорлорго 1,3 млрд доллар карыз
- URL: https://im.kg/all/2021/05/28/kyrgyzstandyn-e-iri-energetikalyk-kompaniyalary-donorlorgo-1-3-mlrd-dollar-karyz/
- Published: 2021-05-28T11:39:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өлкөдөгү эң ири энергетикалык компания деп эсептелген «Бишкектеплосеть», «Түндүкэлектро», «Ошэлектро», «Электр станциялары» жана «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКдору донорлорго 1,3 млрд доллардан ашык карыз. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет.**

> Эң көп эл аралык каржы институттарына «КУЭТ» ААК карыз. «Кыргызстандын улуттук электр тармактарынын» 2020-жылдын 31-декабрына карата карызы **787.6 млн долларды** түзгөн. Андан кийин эле **457.9 млн доллар** карызы менен «Электр тармактары» турат.

 «Түндүкэлектронун» кредити **41.9 млн доллар болсо**, «Бишкектеплосеть» ишканасынын карызы **8.2 млн** **долларды,** «Ошэлектронуку» **6.3 млн** **долларды** түзөт.

> Кыргызстандын энергетикалык компанияларына мындай ири карыздарды Кытайдын Экспорттук-импорттук Банкы берген. Жалпысынан ал **986,5 млн доллар** бөлгөн.