«Манас» аэропорту Баткенге дарыгерлерди жана аскер кызматкерлерин ташыган каттамдарды акы төлөөдөн бошотту
«Манас» эл аралык аэропорту Баткенге дарыгерлерди жана аскер кызматкерлерин ташыган аба каттамдарын майданды колдонуп тейленгендиги үчүн төлөнчү акыдан бошотту. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.
Компания Tez Jet авиакомпаниясынын учактарын 29-апрелден 7-майга чейин «Манас», «Ош», «Баткен» жана «Исфана» аэропортторунда тейленгендиги үчүн төлөнүүчү акыдан бошотуу чечимин кабыл алды.