> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УБ үч коммерциялык банктагы директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн талапкерлигин карады
- URL: https://im.kg/all/2021/05/28/ub-ch-kommerciyalyk-banktagy-direktorlor-ke-eshinin-k-z-karandysyz-m-ch-l-r-n-n-talapkerligin-karady/
- Published: 2021-05-28T14:38:29.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:49:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УБ 27-майда үч коммерциялык банктагы директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн талапкерлиги боюнча макулдашуу өткөрдү. Бул тууралуу көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирет.**

**Ага ылайык:**

- Тимур Омоев – «Азия Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү
- Бакыт Шамырканов – «Оптима Банк» ААКнын аудит боюнча комитетинин төрагасы жана директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү
- Бурулкан Молдобекова – «Бай-Тушум» ААКнын аудит боюнча комитетинин төрайымы жана директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болуп бекитилишти.