УБ үч коммерциялык банктагы директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн талапкерлигин карады
УБ 27-майда үч коммерциялык банктагы директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн талапкерлиги боюнча макулдашуу өткөрдү. Бул тууралуу көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирет.
Ага ылайык:
- Тимур Омоев – «Азия Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү
- Бакыт Шамырканов – «Оптима Банк» ААКнын аудит боюнча комитетинин төрагасы жана директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү
- Бурулкан Молдобекова – «Бай-Тушум» ААКнын аудит боюнча комитетинин төрайымы жана директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болуп бекитилишти.