> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экс-депутат Сергей Ибрагимов текшерүүдөн кийин мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 млн сом которду – УКМК
- URL: https://im.kg/all/2021/05/31/eks-deputat-sergej-ibragimov-teksher-d-n-kijin-mamlekettin-bjudzhetine-z-yktyyary-menen-100-mln-som-kotordu-ukmk/
- Published: 2021-05-31T11:40:56.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:53:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мурдагы депутат Сергей Ибрагимов текшерүүдөн кийин мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин (УКМК) маалымат кызматы билдирди.** 

Маалыматка ылайык, Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобуна, каржылык мыйзам бузуулар, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада, эч кандай **мыйзам бузуулар аныкталган эмес.** 

> «Бирок С.Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди», – деп билдиришет комитеттен. 

Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.