> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЮНИСЕФ Sinopharm вакцинасын алып келүүгө жардам берет
- URL: https://im.kg/all/2021/05/31/junisef-sinopharm-vakcinasyn-alyp-kel-g-zhardam-beret/
- Published: 2021-05-31T14:03:58.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытайда жасалган Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясын Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилди. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова [Kaktus.media](https://kaktus.media/doc/439427%5Fprivezti%5Fvakciny%5Fsinopharm%5Fpomojet%5Funisef.html) сайтына билдирген.**

Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова Кытайдын Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясын Кыргызстанга алып келүүгө ЮНИСЕФ (UNICEF) жардам берерин билдирди. Анын айтымында, Кытай тарап эми жеткирүүлөрдүн көлөмү тууралуу маалыматтарды бериши керек.

Ишенапысова [«Клооп»](https://ky.kloop.asia/2021/05/31/sinopharm-vaktsinasyn-alyp-kel-g-yunisef-zhardam-beret/) сайтына азырынча жеткирүүнүн так күнү аныктала электигин айткан.

> Эскерте кетсек, буга чейин Кытайдын бийлиги бул вакцинанын **150 миң дозасын** Кыргызстанга гуманитардык жардам катары берген болчу.