> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» иши боюнча кармалды – УКМК
- URL: https://im.kg/all/2021/05/31/m-rbek-babanov-karmaldy-ukmk/
- Published: 2021-05-31T16:34:27.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка келген Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул тууралуу 31-майда [«Азаттык» ](https://www.azattyk.org/a/31282384.html)радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришкен.** 

> «Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иштеринде аты аталган мурдагы аткаминерлер суракка чакырыларын билдирген», – деп жазат «Азаттык». 

Маалыматка таянсак, Бабанов суракка чакырылган жеринен кармалган. 

Эскерте кетсек, 24-мартта УКМК Бабановго жана ага караган коммерциялык түзүмдөргө козголгон кылмыш иштерин токтоткон. Маалым болгондой, экс-премьер-министр менен мамлекеттик бюджетке өз ыктыяры менен 100 млн сом которуу боюнча келишим түзүлгөн.