Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» иши боюнча кармалды – УКМК
31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка келген Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул тууралуу 31-майда «Азаттык» радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришкен.
«Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иштеринде аты аталган мурдагы аткаминерлер суракка чакырыларын билдирген», – деп жазат «Азаттык».
Маалыматка таянсак, Бабанов суракка чакырылган жеринен кармалган.
Эскерте кетсек, 24-мартта УКМК Бабановго жана ага караган коммерциялык түзүмдөргө козголгон кылмыш иштерин токтоткон. Маалым болгондой, экс-премьер-министр менен мамлекеттик бюджетке өз ыктыяры менен 100 млн сом которуу боюнча келишим түзүлгөн.