> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тогуз коммерциялык банк биринчи кварталды чыгым менен жапты
- URL: https://im.kg/all/2021/05/31/toguz-kommerciyalyk-bank-birinchi-kvartaldy-chygym-menen-zhapty/
- Published: 2021-05-31T15:52:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Тогуз коммерциялык банк, эки камсыздандыруу компаниясы жана 113 кредиттик уюм үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталын чыгым менен жапты. Мындай маалыматтарды Улуттук статистикалык комитет берди.**

> Маалыматтарга ылайык, банктар **66,8 млн сом,** камсыздандыруу компаниялары **6,3 млн сом** чыгым тартышты. Насыялык мекемелердин жоготуулары **78,3 млн** сомду түзгөн.

Кирешелүү натыйжа менен биринчи кварталды 18 банк (**+823,9 млн сом**), 12 камсыздандыруу компаниясы (**+90,2 млн сом**) жана 327 насыя уюму (**+745,7 млн сом**) жапты.

> Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27 коммерциялык банк, 14 камсыздандыруу компаниясы жана 558 кредиттик уюм бар. Ошентип, рентабелдүү эмес ишканалардын жалпы санына карата катышы боюнча, **банк сектору эң көп зыян тарткан**.