> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖКнын комитети Дүйнөлүк Банктан алына турган 20 млн долларлык насыя жана гранттык каражатты макулдашты
- URL: https://im.kg/all/2021/05/31/zhknyn-komiteti-d-jn-l-k-banktan-alyna-turgan-20-mln-dollarlyk-nasyya-zhana-granttyk-karazhatty-makuldashty/
- Published: 2021-05-31T16:40:39.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:52:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитети КР менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы «COVID-19 боюнча өзгөчө кырдаал» макулдашуу-катынын долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.**

> Эске салсак, Дүйнөлүк Банк **10 млн долларлык** насыяны **0,75%** жана **10 млн доллар** грант менен берүүнү пландаштырууда. Насыянын мөөнөтү **38 жыл**, ошондой эле анын ичинде 6 жылдык жеңилдетилген мөөнөт бар.

Кошумча каржылоонун жана долбоорду реструктуризациялоонун негизги максаты – COVID-19 вакциналарына жетүүгө бирдей мүмкүнчүлүк түзүүнү камсыз кылуу болуп эсептелет.