> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусундагы үйлөрдүн жана жолдордун курулушу камералардын жардамы менен көзөмөлдөнөт
- URL: https://im.kg/all/2021/06/01/batken-oblusundagy-jl-rd-zhana-zholdordu-kalybyna-keltir-kameralardyn-zhardamy-menen-k-z-m-ld-n-t/
- Published: 2021-06-01T16:55:44.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:55:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарындагы социалдык жана турак жай объектилерин, ошондой эле жолдорду калыбына келтирүү жана куруу иштери камералар аркылуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.**

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык (25.1 км), Ак-Сай — Рават (25 км), Кулунду – Максат — Арка (30 км) и Самаркандек — Даркум — Мадиген (44.1 км) унаа жолдорундагы оңдоо, калыбына келтирүү жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

> Курулуш подрядчиктери менен жолугушуу учурунда оңдоо, калыбына келтирүү жана курулуш иштеринин жүрүшүн үзгүлтүксүз мониторингдөө үчүн күнү-түнү видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу жөнүндө макулдашты. 

Учурда аталган иштер бекитилген көлөмдө жүргүзүлүүдө, айрым объектилерде видеокөзөмөлдөө камералары орнотулган (Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы орто мектептин курулушуна).

Курулуп жаткан жолдордун жалпы узундугу 124,2 км түзөт. КРнын чек арасындагы аймактарда жайгашкан Баткен облусунун калктуу пункттарындагы социалдык объектилерди жана транспорт инфраструктурасын калыбына келтирүүгө **700 млн сом** бөлүнгөн.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/06/60b5fb526f0f2-thumb-1024x703.jpg)
- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/06/60b5fb52e82a1-thumb-1024x692.jpg)
- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/06/60b5fb534f10d-thumb-1024x683.jpg)