Чек арадагы чыр-чатактан жабыркаган субъекттер салыктан бошотулат
Бийлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда жабыр тарткан субъекттердин салык карыздарын кечүүгө ниеттенүүдө. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтында жарыяланды.
Белгилей кетчү нерсе, 2021-жылдын 1-июнуна карата Баткен облусунун чек арасында жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан бекитилген жабырлануучулардын тизмесине кирген субъектилер гана салык карыздарын төлөөдөн бошотулмакчы.