Доллар бүгүн 84.5 сомго көтөрүлдү
Кыргызстанда акыркы суткада доллардын наркы 45 тыйынга кымбаттады. Бишкекте бүгүн 1-июнда түшкө жакын америкалык валютанын орточо курсу – 84.46 сомду түздү.
valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында доллар бүгүн саат 11:50дө 84.35 сомдон сатылып, 84.05 сомдон алынды.
Белгилей кетсек, америкалык валюта өткөн жуманын орто ченинен тартып өсө баштаган. Ага чейин доллардын курсу 83.19 сомго чейин түшкөн болчу.